Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Москвада оппозиция уруксат берилбеген митингге камынууда


Оппозициялык лидер Алексей Навальный 15-сентябрда Орусиянын баш калаасында бийлик уруксат бербеген “Миллиондор маршы” өтөөрүн билдирди.

Оппозиционерлердин билдирүүсүндө жөө жүрүш Беларус темир жол бекетинен башталып, Твер көчөсү аркылуу Боровиц көпүрөсүнө чейин болот. «Солчул фронттун» лидери Сергей Удальцов айрым оппозициялык активисттер буга чейин эки административдик эскертүү алгандыктан, бул жолу митингге катыша албастыгын айтты. Удальцов оппозиция митингге уруксат сураган арызды Москва бийликтерине тапшыра тургандыгын дагы маалымдады.

Шейшембиде болсо Петербург шаар бийлиги 15-сентябрда калаанын борборунда жөө жүрүш өткөрүүгө ураксат берген жок.

XS
SM
MD
LG