Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Еврокомиссия Орусиянын "Газпром" ишканасы боюнча иликтөөнү баштады


Орусиянын эң чоң ишканасы “Газпром” Еврошаркеттин атаандаштык тууралуу эрежелерин сактаганы расмий иликтенет. Бул тууралуу “Азаттыктын” Брүсселдеги кабарчысы билдирет.

Еврокомиссиянын коммюникесинде иликтөө азырынча эч кандай тыянак чыгарбайт, болгону маселени кароо болуп саналат деп айтылат. Европалыктарды орусиялык монополияга айланган компания Еврошаркет менен Чыгыш жана Борбордук Европада газ сатуу базарында үстөмдүк кылгандыктан, мындай мүмкүнчүлүктү кара өзгөйлүк менен пайдаланып жаткан жокпу деген суроо кооптондурат.

Евробиримдиктин аймагы аркылуу газдын өтүүсүнө тоскоолдуктарды жасоо жана кардарларга газды өтө кымбат баада таңуулоо аркылуу эрежелер бузулуусу мүмкүн деген негиздер бар.

XS
SM
MD
LG