Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:42

"Ата-Журт"-Ош: Коркмазов элден кечирим сурасын


Бүгүн Ошто "Ата-Журт" партиясынын өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүп, аталган партиядан парламентке депутат болуп барган Хажимурат Коркмазовдон элден кечирим сурашын талап кылышты. Тиешелүү талап менен Башкы прокуратурага да кайрылаарын, эгер аткарылбаса митингге чыгаарын эскертишти.

Коркмазов 2010-жылы "Ата-Журттун" катарында парламентке депутат болуп келген. Бирок жакында жаңы коалиция куралып жатканда ага фракциядан бөлүнүп, дагы эки депутат менен бирге топ түзүп кирген. Ошол эле күндөрү маалымат каражаттарынын бирине маек куруп, фракция ичиндеги мамилелер тууралуу пикирин айткан.

"Ата-Журттун" жетекчилиги Коркмазовду өз билемдик кылды деп күнөөлөп, журналисттерге интервьюсунда улут аралык мамлелерге чок салганын айтып, "чыккынчы", "экинчи Кадыржан Батыров" деп чыкты. Коркмазов өзүнө айтылган айыптар негизсиз экенин, журналисттер анын сөзүн бурмалаганын айтууда.

Коркмазовго каршы талаптар менен бүгүн Бишкекте да парламент алдына үч жүздөй адам чогулуп, митинг өткөрүүдө.

"Ата-Журттун" өкүлү Нургазы Анаркуловдун айтымында, Коркмазовду жана Роман Шин менен Нарынбек Молдобаевди саясий катачылыктары үчүн партиядан да, фракциядан да 29-августта чыгарышкан.

Бирок парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Коркмазов депутаттык мандатын расмий тапшырган жок, демек ал дагы эле "Ата-Журттан" депутат деп эсептелет. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG