Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:59

Жаңы өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлер аталды


Ушу тапта Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде өтүп жаткан жыйында жаңы өкмөттүн мүчөлүгүнө талапкерлердин аты аталды. Аларды премьер-министрлик кызматка көрсөтүлгөн Жантөрө Сатыбалдиев сунуштады. Талапкерлер жыйын өтүп жаткан залда отурат дейт "Азаттыктын" парламенттеги кабарчысы.

Биринчи вице-премьер-министрликке Жоомарт Оторбаев, экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министрликке Тайырбек Сарпашев, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрлик кызматка болсо Камила Талиева ал эми министр статусундагы өкмөттүн аппаратынын жетекчилигине Нурханбек Момуналиев сунушталууда.

Министрлердин көпчүлүгү ордунда калды. Жаңылардан социалдык өнүктүрүү министрлигине Кылычбек Султанов, каржы министрлигине Ольга Лаврова, энергетика жана өнөр жай министрлигине Автандил Калмамбетов тышкы иштер министрлигине Эрлан Абдылдаев жана айыл чарба жана мелиорация министрлигине Чынгысбек Узакбаев сунушталып жатат.

Буга чейин аталган талапкерлер аларды сунуштаган фракцияларда талкууланган. Өкмөттүн курамына парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген фракция өкүлдөрү гана кире алат.

Азыр өтүп жаткан комитеттин жыйынынан кийин жаңы өкмөттүн курамы жана программасы саат төрттө баштала турган парламенттин жалпы жыйынында дагы бир сыйра талкуулангандан кийин гана акыркы чечим чыгарылат.

Буга чейинки өкмөт башкаруучу коалиция ыдыраганына байланыштуу кызматтан кеткен болчу. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG