Казакстанда колго түшүрүлгөн Пайзуллабек Рахмановду Кыргызстанга өткөрүп алуу каралып жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев билдирди.
Рахманов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жан-жөкөрлөрүнүн бири аталып келет. 2010-жылдын апрел окуясынан кийин ал өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу издөөгө алынган.
Кыргызстанда ага мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигин жетектеп турганда «кызмат абалынан пайдаланган», «ишенип тапшырылган мүлккө кол салган» деген фактылар боюнча айып тагылган. Ошондой эле 2010-жылдын 19-20-апрел күндөрү Жалал-Абад шаарында “массалык башаламандык уюштурууга катышкан”, “бийликти тартып алууга аракет кылган” (343, 233 беренелери) деген беренелер боюнча да айыпталганы айтылган.
Рахманов 15-июнда Тараз шаарында кармалды. Учурда ал аталган шаардын тергөө абагында жатат. Колго түшүргөн полиция кызматкерлерине ал белорус жарандыгын тастыктаган документин көрсөткөн. (RK)