Жогорку Кеңеште парламенттик оппозиция түзүлдү. "Мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк" деп аталган оппозициялык альянс түзүү тууралуу келишимге "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров жана "Республика" фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов кол койду. Анын төрагалыгына «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаевди бир добуштан шайлашты.
"Ата-Журт" менен "Республика" бүгүн парламенттин эртең мененки жалпы жыйынында билдирүү жасап, азыркы башкаруучу коалицияга карата оппозицияда болоорун расмий жарыялаган.
Буга чейинки "Республика", "Ата Мекен", "Ар-Намыс" жана социал-демократтар фракцияларынан куралган башкаруучу коалициядан "Ата Мекен" менен "Ар-Намыс" чыгып кетип, коалиция ыдыраган. Өкмөт кызматтан кеткен. Бүгүн жаңы коалицияга Социал-демократтар, "Ар-Намыс" жана "Ата Мекен" киргени расмий жарыяланды. (RK)