Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Сатыбалдиев: "саясий коррупцияны" токтотуу керек


Өкмөт башчылыкка талапкер Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдө коррупцияны жоюу үчүн алгач “саясий коррупцияны” токтотуу керектигин билдирди. Жогорку Кеңештин жыйынында Жантөрө Сатыбалдиев эл өкүлдөрүн саясий соодалашууга барбоого чакырды. Өкмөт башчылыкка талапкер каржы жана энергетика министрликтериндеги коррупцияны жоюунун өзү экономиканы бир кыйла жакшырта алаарын белгиледи.

Бүгүн парламент өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен жаңы өкмөттүн курамын талкуулап жатат.

Парламенттин Социал-демократтар фракциясы өкмөт башчылыгына азыркы президенттик аппараттын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевди сунуштаган. Ал бүгүн жаңы өкмөттүн курамын жана программасын парламентке сунуштады. (AKu)

XS
SM
MD
LG