Египеттин президенти Мохаммед Мурси бүгүн Каирде Араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен кездешүүсүндө Сирияга өзгөрүү керектигин айтып, президент Башар Асад кеч болуп кала электе кызматын тапшырышы зарылдыгын билдирди. Ушул эле күнү Түркиянын премьер-министри Реджеп Эрдоган Башар Асадды жана анын тегерегиндегилерди “мамлекеттик террорчулук” кылууда деп айыптады. Түркия мындан мурдараак сириялык качкындардын саны 80 миңден ашканын маалымдап, жарандар үчүн “коопсуздук аймагын” түзүүнү сунуштаган.
Сириялык активисттердин айтымында, бир жарым жыл мурун башталган жаңжалдан бери өлгөндөрдүн саны 26 миңден ашты.
Сириялык активисттердин айтымында, бир жарым жыл мурун башталган жаңжалдан бери өлгөндөрдүн саны 26 миңден ашты.