Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Жол кырсыгына шектелген милиция кызматкери иштен алынды


Жол кырсыгына шектелген Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери У.Сыдыков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

18-августта түнкү саат 03:20 чамасында Бишкекте болгон жол кырсыгында У.Сыдыковдун жана тез жардамдын унаалары кагышкан. Жыйнтыгында 3 киши жаракат алып, тез жардамдын машинасы жараксыз экени айтылган.

Саламаттык сактоо министрлиги тартип коргоо кызматкеринин мас абалда экенин айткан. Бирок ички иштер министрлиги аны төгүндөгөн.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан тергелип жатат. (AKu)

XS
SM
MD
LG