Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Равшанбек Сабировдун соту жылдырылды


Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун актоочусу Икрамидин Айткулов “Сабиров өлкөдөн чыгып кеткен болушу мүмкүн” деген кептер туура эместигин билдирди.

5-сентябрда Биринчи май райондук сотунда боло турган Равшанбек Сабировдун соту 12-сентябрга жылдырылган. Ага актоочу Икрамидин Айткулов сот башталаар алдында аны жылдырууну өтүнүшү себеп болгон.

Сабиров “министр болуп иштеп жаткан кезде балдарды асыроо менен иштеген чет элдик компаниядан ири суммадагы пара алган” деп айыпталууда. Ал 5-июлда Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө камагына алынган, бирок кийинчерээк Бишкек шаардык соту тарабынан үй камагына бошотулган. (AKu)

XS
SM
MD
LG