Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

АКШда демократтардын съездинде экс-президент Билл Клинтон сүйлөйт


Өлкөнүн мурдагы президенти Билл Клинтон учурдагы президент Барак Обаманы өлкө башчылыкка экинчи мөөнөткө талапкер деп расмий тааныштырат. Кечээ Обаманын жубайы Мишел Обама өз сөзүндө анын күйөөсү жүргүзүп жаткан саясат америкалык орто топту колдоп, саламаттык сактоо менен билим берүүгө басым жасап, социалдык адилеттүүлүктү камсыздоого багытталганын айткан.

Демократтардын съезди кечээ Түндүк Каролина штатынын Шарлотт шаарында башталды. Өткөн аптада республикачылардын съездинде Массачусетс штатынын экс-губернатору Митт Ромни президенттикке талапкер деп жарыяланган.

АКШда президенттик шайлоо ушул жылдын 6-ноябрында өтөт.

XS
SM
MD
LG