Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров айтып чыкты. Анын айтымында, аравандыктар депутат Азамат Арапбаев жетектеген заводдун калдыктары айлана-чөйрөнү бузуп жатканына нааразы. “Арапбаев элден кечирим сурагандын ордуна, тескерисинче кемсинткен. Буга жини келген эл депутатты сотко беришти”, - деди Бакиров.
Ал эми Азамат Арапбаев Араванда эч кимди кемсинтип сүйлөбөгөнүн, сотко берди деген маалыматты өзү да бүгүн укканын “Азаттыкка” билдирди. (КЕ)
Ал эми Азамат Арапбаев Араванда эч кимди кемсинтип сүйлөбөгөнүн, сотко берди деген маалыматты өзү да бүгүн укканын “Азаттыкка” билдирди. (КЕ)