Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Ысык-Көлдө авиациялык коопсуздук маселеси талкууланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Манас” аэропортунун маалымат катчысы Назгүл Дүйшембиева кабарлады. Мындай эл аралык иш-чара Борбор Азияда биринчи жолу өтүп жатат. Ага Казакстан, Орусия жана башка КМШ өлкөлөрүнөн авиациялык коопсуздук боюнча адистер, эксперттер катышат. Эки күндө коопсуздук боюнча дарстар окулуп, жүргүнчүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, кылмышка шектүү адамды кыймыл аракетинен, жүрүм-турумунан кантип аныктоо керектиги боюнча мастер класс өтүлөт. Бул багытта кандай жоболор колдонулары боюнча тажрыйба алмашышат. Окуудан өткөн аэропорт кызматкерлери сертификатка ээ болушат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG