Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлер тизмеси парламентке жөнөтүлдү


Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Жогорку Соттун судьялыгына иргелип алынган 25 талапкердин тизмесин буга чейин президент Алмазбек Атамбаев карап чыккан. Талапкерлер арасында Жогорку Соттун төрагасынын милдетин аткаруучу Феруза Жамашева жана Жогорку Соттун 8 судьясы, эки Бишкек, үч Ош шаардык сотунун судьялары жана башка облустук соттордо иштегендер бар. Жарандык коомдун өкүлдөрү татыктуу адамдар тандалып алынганынан күмөн санашууда.

Эгер парламент көрсөтүлгөн 25 талапкердин 23үнө макулдугун берсе Жогорку Соттун азыркы курамы автоматтык түрдө кызматтан кетиши керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG