Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Коогада жапа чеккен ишкерлер президентке талап коюшат


Июнь коогасында жапа чеккен ишкерлер мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевден “жабыркаган ишкерлерди колдоонун кошумча чаралары жөнүндөгү” мыйзамга кол коюшун суранып жатышат. Болбосо алар өкмөт чыгымдарыбызды төлөп берсин деген арыз менен эл аралык сотко кайрылышаарын билдиришүүдө. Бул тууралуу коогада жапа чеккен ишкерлердин адвокаты Сулайман Үсөнов Ошто өткөн маалымат жыйынында билдирди. Аталган мыйзам долбоорго ылайык, жабыркаган ишкерлер алган насыяга 3 жылдык мораторий киргизүү жагы каралган. Мыйзам Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда кабыл алынып, бирок банк түзүмүнүн саясатына дал келбейт деген негизде президент аны парламентке кайра жөнөткөн.

Коогада жабыркаган ишкерлердин саны бир миң эки жүздөй экени айтылат. Алардын банктарга карызы эң азында 150 миң сом болсо, эң көбү 145 миң долларга чейин. Ишкерлер эки жылдан бери банктан алган карыздарын төлөөнү убактылуу токтотуп турууну суранып келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG