Мындай сунушту бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдыжапар Бегматов көтөрүп чыкты. Анын айтымында, Кыргызстан эгемендикти алган жылдан бери аталган кызмат ар кайсы мекемеге кошулуп келет. Жаңы өкмөт ушуга көңүл буруусу зарыл. “Учурда малдын ылаңы көбөйдү. Жаныбарлардан ар кандай илдет жуктуруп алган адамдардын саны өсүүдө. Ошондуктан муну өзүнчө мекеме катары бөлүш керек”, - деди ал.
Учурда бул кызмат Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын курамында. (КЕ)
Учурда бул кызмат Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын курамында. (КЕ)