Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

Беларустагы мурдагы элчи Эрик Асаналиев кармалган жок


Кыргызстандын Беларустагы мурдагы элчиси Эрик Асаналиев күч органдарына сурак берген жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМК жана Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков:

- Бул маалымат чындыкка жатпайт. Эрик Асаналиевди эч ким кармаган жок. Мен жакында эле сүйлөштүм, ал Бишкектеги үйүндө отурат. Бул кабар жалган.

Кабарчыларбыз Эрик Асаналиевдин өзү менен байланышканда, ал эч кандай тергөө-иликтөө иштерине чакырылбаганын билдирди.

6-сентябрда интернеттеги comment.kg сайты өткөн аптада кызматтан алынган Кыргызстандын Беларустагы мурдагы элчиси “Эрик Асаналиев экс-президент Бакиевдин иниси Акмат Бакиевди качырууга тиешеси бар деген шек менен кармалып, сурак берүүдө” деген кабар тараткан. Аталган интернет сайт ошондой эле “Акмат Бакиевди качырууга мурдагы премьер Бабановдун да тиешеси бардыгын, жакында ал дагы суракка чакырыла турганын” күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булагына таянып жазып чыккан. (AKu)

XS
SM
MD
LG