Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Роза Отунбаева Дүйнөлүк банктын мааракесине барды


Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Швейцарияда Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондуна кирген өлкөлөрдүн юбилейлик жыйынына катышууда. Экс-президент Швейцария бийлигинин чакыруусу менен барды. Мындай маалыматты мурдагы президенттин басма сөз кызматы 6-сентябрда билдирди.

Роза Отунбаева 4-сентябрда Женевадагы пресс-клубда “Кыргызстан: Орто Азиядагы биринчи парламенттик демократия: тажрыйба жана проблемалары”, Кыргызстандын Швейцариядагы элчилигинин биринчи катчысы Кубан Кабаев “Эмне үчүн Кыргызстанга инвестициялаш керек” деген темада сүйлөштү.

Р.Отунбаева Бириккен улуттар уюму жана башка бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. (AKu)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG