Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Обама президенттик шайлоо алдындагы орчундуу сөзүн сүйлөөгө даярданууда


Кошмо Штаттардын президенти Түндүк Каролина штатынын Шарлотт шаарында өтүп жаткан демократтардын съездинде Обама өз талапкерлигин президенттикке коюуга макулдугун берет. Аналитиктер Обама өз сөзүндө экономикага басым жасаарын айтышууда.

Шаршембиден бейшембиге караган түнү съездин катышуучуларына кайрылган экс-президент Билл Клинтон АКШнын учурдагы саясатын толук колдоп, президент Обама өтүп бараткан 4 жылда республикачылар талкалап кеткен экономиканы оңдоонун үстүндө иштегенин айтты:

- Тампа шаарында республикачылардын президентке [Обама] каршы аргументтери өтө эле жүйөсүз болду. Жеке мага, биз [республикачылар] ага башаламан өлкөнү калтырдык, ал ошол баткакты тезирээк арта алган жок, эми аны кетирип, өзүбүз кайра келели” деп айткандай туюлду.

Барак Обаманын съездде сүйлөгөн сөзүн түз эфирде он миллиондогон адамдар көрөөрү айтылууда. 2 күн мурун башталган Демпартиянын съездди бүгүн соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG