Ысык-Көл облустук администрациянын маалымат катчысы Назира Муканбетованын билдиришинче, акыркы жылдары кыз ала качуу көрүнүшү көп катталууда. Ошол себептүү кырсыктын кесепетин алдын алуу жана болтурбоо максатында августтун соңунан ноябрь айына чейин кыз ала качууга каршы үч айлык жарыяланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө аким, шаар мэрлери, айыл өкмөттөрү, башка тиешелүү структуралардын кызматкерлери менен бирге БУУнун Башкы ассамблеясынын аялдарды басмырлоону жоюу боюнча Конвенциясынын негиздери элге түшүндүрүлөт. Кыз ала качууну токтотууга багытталган иш-чаралар өткөрүлөт.
Кыргызстанда ала качуунун айынан адам өмүрүнө залал келген учурлар көп катталып жатат. Акыркы эле учурда Ысык-Көл облусунда ала качуунун курмандыгы болгон үч кыз өз жанын кыйганы белгилүү. Ала качуу үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору парламенттин талкуусунда турат. Ал биринчи окууда кабыл алынган. (КЕ/МК)