Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Кыргыз-өзбек чек арасында кыргыз жараны окко учту


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын жараны Т.Акматалиев каза тапты. Алдын ала алынган маалыматка караганда, Акматалиев 6-сентябрда Ош облусунун Араван районундагы кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Эскертүүлөргө карабай жолун уланта берген кыргызстандыкка каршы Өзбекстан чек арачылары курал колдонушкан. Маркумдун сөөгү “Кызыл-Кыя” чек ара бекетинде туугандарына берилди. Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG