Өзгөн шаарындагы “Кыргызпочтасы” ишканасынан 60 миң сом акча жана 4 тапанча уурдаган 3 киши кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Аширбаев билдирди.
Кылмыш 2-сентябрь күнү болгон. Райондук жана облустук милиция кызматкерлеринин бирдиктүү аракети менен кылмышка шектүү 25-30 жаштардагы үч киши 6-сентябрда кармалды. Баары Өзгөн шаарынын тургундары.
Уурдалган тапанча ишканага кайтарылды. Учурда акчаны кайтаруу боюнча аракеттер жүрүп жатат. Тергөө амалдарына байланыштуу кармалгандардын аты-жөнү айтылган жок. (SE)