Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

УКМК: Ооган-тажик чек арасындагы куралдуу күчтөрдүн аракетине бөгөт коюу чаралары көрүлүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурлан Токталиев кабаралды.

"Азаттыктын" Тажик кызматы Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен чек ара тилкесинде “ал-Каида” террорчул уюмунун 70тен ашуун согушкерлерден турган тобу Борбор Азиянын аймагына өтүүгө аракет кылып жатканын жазган. Алар бул маалыматты Ооганстандын Бадахшан провинциясынын полициясына шилтеме кылып тараткан. Анда куралдуу топ Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Орусия жана Пакистандын жарандарынан түзүлгөнү айтылат. Алардын алгач Тажикстан, андан соң Борбор Азия мамлекеттеринин аймагында террордук акцияларды жүргүзүү максатында келери белгиленген. Бирок бул боюнча Тажикстандын күч түзүмдөрү расмий билдирүү жасай элек.

Токталиевдин белгилешинче, Кыргызстан УКМКсында жана КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарында буга байланыштуу ыкчам маалымат бар. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрүнүн атайын кызматтары менен бирге КМШнын түштүк чек араларын бекемдөө жана ооган-тажик чек арасындагы куралдуу күчтөрдүн аракетине бөгөт коюу багытында зарыл болгон бардык чаралар көрүлүүдө. Тиешелүү чек араларда көзөмөл күчөтүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG