Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

"Мутакалим": Мектепке жоолукчан киргизбегени тууралуу 42 арыз түштү


Жаңы окуу жылынын башталышынан бери жоолук салынган кыздарды мектепке жана жогорку окуу жайларга киргизбей койгону тууралуу "Мутакалим" мусулман аялдар уюмуна 42 адам арыз менен кайрылган. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында аталган уюмдун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы маалымдады. Мусулман аялдардын укугун коргоочулар менен аталган уюмдун өкүлдөрү адам укугун бузган мындай көрүнүшкө Билим берүү жана илим министрлиги түшүндүрмө берсин деп талап кылып жатышат. Ошондой эле жоолукчан келген кыздарды мектепке киргизбей жаткан мектеп директорлорун жана мугалимдерди административдик жоопкерчиликке тартууну суранышууда.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги кыздар жоолук салынбасын деген чектөө жок экенин, бирок окуучулар жалпы кабыл алынган бирдиктүү форма кийүү талабын аткарышы керек экенин айтууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG