Азырынча анын ким экендиги жана кандай жагдайда өлгөндүгү такталууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Ибрагим Асанов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан жаранынын сөөгү 6-сентябрда Москванын Савелов районунан табылган.
Орусиянын “Интерфакс” агенттиги тартип коргоо органдарындагы өз булактарына таянып жазган маалыматка караганда, кыргызстандык жарандын сөөгү таңкы жетиде Савелов районунун Хутор көчөсүндөгү 5-үйдүн жанынан табылган. Ал бир нече жеринен жараат алганы аныкталып, далысынан пневматикалык курал менен атылган ок табылган. Учурда Кыргызстандын ИИМинин өкүлү Савелов райондук тартип коргоо органдары менен бирге иш алып барууда.
Ушуну менен акыркы эки аптанын ичинде эле Орусияда каза болгон кыргызстандыктардын саны бешке жетти. Орусиянын Челябинск облусундагы Пушкин кыштагында 3-сентябрда Кыргызстандын эки жараны жана Кыргызстандан барган Орусиянын бир жаранынын сөөгү табылган. Ага чейин Санкт-Петербург шаарындагы мушташта Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында туулган 27 жаштагы Самат Мамасалиев набыт болгон. (КЕ)