Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругуна ылайык, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү жана аппараттын жетекчи орун басары Динара Молдошева кызматынан алынып, ушул эле орунга Аширбек Темирбаев дайындалды. Ал эми өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарлык кызматына Мурат Муканбетов келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. (КЕ)