Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Кытайда жер титиреп, 40тан ашык кишинин өмүрү кыйылды


Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, Кытайдын түштүк-батышында бүгүн бир нече жолу жер силкинип, бери дегенде 43 киши набыт болду. Дагы 150 чактысы жарадар. 5.7 баллдык зилзала Юнан жана Гуйч-Жоу дубандарын силкинтти. Расмий "Синхуа" агенттиги бардыгы болуп 20 миңдей үй талкаланып же зыян тартканын бышыктады. Юнандагы сейсмологиялык бюронун маалымдашынча, дубанда 100 миңден ашык киши эвакуацияланды. "Синхуанын" кабарына ылайык, кырсыкка кабылган аймакка дубандын бийликтери куткаруучуларды жиберип, жарандык иштер департаменти миңдеген чатыр, жууркан-төшөк жеткире баштады.

XS
SM
MD
LG