Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Дамасктын жанынан 45 кишинин өлүгү табылганы кабарланууда


Сирияда оппозициячыл топ бүгүн баш калаа Дамасктын жанындагы эки шаардан тургундар 45 өлүк таап алышканын бышыктады. Сириянын Адам укуктарын көзөмөлдөө уюмуна ылайык, Замалкада бейшемби күнү аз дегенде 23 өлүк табылды, арасында аялдар менен балдар да бар. Катана шаарында дагы 22 кишинин өлүгү чыккан. Оппозициядагы активисттер «жаңы кыргын» үчүн бийликтерди айыпташты.

XS
SM
MD
LG