Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Сирияда экинчи жардыруу министрликтердин жанында орун алды


Сириянын мамлекеттик сыналгысы билдиргендей, бүгүн баш калаа Дамаскта эки ирет бомба жарылды. Биринчисинде мотоцикл жарылганда мечиттин сыртында беш аскер набыт кетип, бир нече киши жарадар болду. Жардыруу динзарлар жума намаздан чыгып жатканда орун алды. Мындан эки саат өткөндөн кийин Дамасктын батышындагы Маззех ооданында машина жарылды. Жардыруу бир биринен 100 метрден аралыкта жайгашкан Маалымат жана Акыйкаттык министрликтеринин ортосунда болду. Мунун алдында оппозиция өкүлдөрү Дамасктын жанынан 45 кишини өлүгү табылганын кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG