Бүгүн Журналисттердин эл аралык тилектештик күнү. Ага байланыштуу 7-сентябрда Бишкектеги “Журналисттердин аллеясында” “Журналисттер” коомдук уюму майрамдык иш-чара уюштурду. Ал жерде ММК өкүлдөрү акыл жана күч менен сынашып, ар кандай оюндар болду. Мындай салтанат Кыргызстанда 6 жылдан бери өткөрүлүп келатат.
Журналисттердин эл аралык тилектештик күнү 1958-жылы журналисттердин эл аралык уюмунун конгрессинде кабыл алынган. Анткени 1943-жылы 8-сентябрда чехословакиялык журналист Юлиус Фучик фашисттерге каршы макала жазганы үчүн өлтүрүлгөн. Андыктан ушул күнү журналисттер биригип, бири-бирине колдоосун билдирип, ар кандай журналисттик сыйлыктардын жыйынтыгы чыгарылат.
Ал эми Кыргызстанда журналисттер арасындагы тилектештик, бири-бирин колдоо жана аларга болгон саясий көзөмөл тууралуу “Журналисттер” коомдук уюмунун жетекчиси Марат Токоев мындай пикирде:
- Азыр Кыргызстанда ачык-айкын саясий куугунтуктоо бар деп айтууга мүмкүн эмес. Анткени бийлик тараптан ЖМКларга атайын бир кыянаттык кылып жатканы көп байкалбайт. Бир гана айрым министрлер, депутаттар журналисттерди сотко берип, чоң суммадагы моралдык чыгым талап кылып жатышат. Ал боюнча бир да сот аягына чыга элек, ошолор белгилүү болгондон кийин бир нерсе деп айтууга болот.
Башка тараптан алганда, азыркы саясий партиялар, саясий топторго бөлүнүүнүн жыйынтыгы журналисттер арасында тилектештиктин азайуусуна алып келди.
Кырпгызстанда 1000ден ашуун массалык маалымат каражаты бар. Алардын көбү гезиттер (AKu).