Акыркы маалыматтарда 700дөн ашуун адам жараат алганы айтылууда. Өкмөттүк "Синхуа" агенттигинин маалымдашынча, жолдорду тоолордон кулаган таштар тосуп калгандыктан табигый апааттан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү кечеңдөөдө. 7-сентябрдагы катар-катар жер тербетүүдө миңдеген тамдар кыйрап калгандан улам 100 миңден ашуун адам коопсуз жайларга шашылыш көчүрүлгөн. Зилзаладан көбүн эсе Гуйчжоу жана Юнан провинцияларынын кесилишиндеги алыскы тоолуу аймактарынын калкы жабыркаган.