Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

АРЕС глобалдык экономиканын “кеселин” айкындоодо


Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы Владивосток шаарында Азия-Тынч океан экономикалык кызматташуу уюму - АРЕСтин саммити уланууда.

Конок ээси - президент Владимир Путин бүгүнкү сөзүндө “илең-салаң калыбына келип жаткан глобалдык экономиканы жакшыртуунун мыкты жолу соодада” деп, “протекционизмге каршы чогуу аракеттенүү өтө маанилүү” экенин кошумчалады.

Кытай президенти Ху Цзинтао өлкө экономикадагы өсүүнү туруктуу кармап турарын айтты. Кытайда өндүрүштүн кашаңдоосу дүйнө экономикасындагы өсүшкө кедерегисин тийгизет деген кооптонуу күчтүү.

АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон протекционизм убактылуу гана пайда берерин, бирок кооперацияга жолтоо болуп, инвесторлорду үркүтөрүн айтты. Ошондой эле
“Жакындагы бир изилдөө Азиянын өнүгүп бараткан өлкөлөрүндөгү компаниялардын 70 процентинен көбүнүн жетекчилер кеңешинде аялдар жок экенин көрсөттү. Дүйнөлүк банктын жана башкалардын эсебинче, АРЕС региону аялдарды экономикага катыштырбай, жылына 40 миллиард доллардан көп жоготот,”-деди Клинтон айым.

АРЕСтин саммити 7-сентябрда ачылган.

XS
SM
MD
LG