Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:02

Евробиримдик Тоолуу Бадахшандагы жагдайга камтама


Европа биримдиги Тажикстандын Тоолуу Бадахшан регионундагы кырдаалга кабатыр экенин билдирип, расмий Дүйшөмбүдөн эл аралык уюмдарды жана дипломаттык миссияларды автоном облус аймагына өткөрүүнү талап кылды.

Июлдун аяк ченинде өткөрүлгөн аскерий операциядан бери Тажикстандын чыгышындагы бул региондо жагдай курч экени айтылат Биримдиктин жума күнкү билдирүүсүндө. Кайрылуу ошондой эле Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Сабзали Мамадриозоев менен жарандык согуш кездеги талаа командири Имомназар Имомназаровдун өлүмүн “тергөөнү ачык-айкын жүргүзүүгө” да үндөйт.

Августта Тоолуу Бадахшандын коопсуздук кызматынын башчысы, генерал Назаров өлтүрүлгөндөн кийин регион борбору Хорогдо өткөрүлгөн операция кезде 70ке чукул адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG