Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөcү кармалды


Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгы жана Казакстандын тартип коргоо кызматкерлери Алматыда Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Тахирбек Багышевди кармады.

Уюшкан кылмыштуу топтун 6 мүчөсү 2011-жылдын ноябрында Бишкектин тургунун Алматыдагы бир айылга алып барып, мүлкүн жана үйүн алардын атына өткөрүп беришин талап кылып, кыйноого алышканда ал жаран кылмышкерлерге 25 миң доллар карматкан. 2012-жылы аларга кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалгандардын бирөө качып кетип, калгандарынан курал табылган.

Топтун активдүү мүчөсү, Баткендин тургуну, 1984-жылы туулган Тахирбек Багышев учурда Алматы шаарындагы убактылуу кармоочу жайда отурат, аны Кыргызстанга алып келүү маселеси каралууда. (AKu)

XS
SM
MD
LG