Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

ЕБ Асаддын режимине санкцияны күчөтмөй болду


Европа биримдигинин тышкы иштер министрлери Сирия президенти Башар Асаддын бийлигине каршы санкцияны күчөтүү тууралуу макулдашты. Биримдикке мүчө 27 мамлекеттин министрлери Кипрдин Пафос аралында аяктаган эки күндүк жыйында Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштонго жаңы чараларды октябрга даярдоону тапшырды.

Кипрдин тышкы иштер министри Эрато Козаков-Марколистин кабарлашынча, уюм мүчөлөрү Сириядагы согушта жабыркагандарга гуманитардык жардамды көбөйтүүнү да чечишти.

Сириядагы адам укугуна байкоо салчу уюмдун маалымдашынча, марттан берки чатак 26 миңден көп адамдын өмүрүнө зобун келтирген. Өлгөндөрдүн көбү карапайым жарандар.

XS
SM
MD
LG