Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Кабылда жанкечти 4 адамдын өмүрүн алды


Ооганстандын байтакты Кабылдагы НАТОнун штабына чукул жерде жанкечти жардырган бомбадан кеминде 4 киши набыт болуп, дагы төрт киши жараат алды.
Кабыл полициясынын зардалы Аеб Салангинин билдиришинче, жанкечти бомбаны НАТО башындагы эл аралык күчтөрдүн штабы, АКШ жана башка мамлекеттердин элчиликтери турган аймактагы Ооган кино институтунун сыртында жардырган. Бомба чабуулу өкмөттүк адамдар антиталиптик күчтөрдүн командачысы Ахмад Шах Масуддун набыт болгонунун 11 жылдыгын эскерген Кабылдагы зыяпатка туштап жасалды. Шах Масуд 2001-жылдын 11-сентябрында АКШ шаарларына жасалган террордук чабуулдан эки күн мурда өздөрүн араб тележурналисттери деп кездешүүгө келген жанкечтилер жардырган бомбадан набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG