Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:09

Апрель соту эртең уланат


10-сентябрда апрель окуясы боюнча сот иши уланат. Мындай маалыматты апрель окуясында жабырлангандардынн актоочусу Осунбек Жамансариев билдирди.

-Бизди сот башталат деп чакырышты. Кимдер барат, кимдер суралат - билбейбиз. Жабыр тарткан тараптан апрель окуясында каза болгондордун жакындары суралып бүткөн, жарадар болгондордон 50дөй киши калган. Ошолор келиш керек жана кошумча күбөлөр суралаарын айтышкан. Көбүнчө соттолуучу тарап сурак берип жаткан.

Сот мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын коштоп жүрүү жана кайтаруу департаментинде болот. Осунбек Жамансариев мурдараак сот бир жылга токтотулганын билдирген. Ал УКМКнын Бакиев учурундагы жетекчиси, апрель окуясындагы ок атууга тиешеси бар деп айыпталып жаткан Мурат Суталиновдун дарылануусу бир жылга созулганына байланыштуу болчу.

Айыпталып жаткан 28 адамдын алтоо качып кеткен, үчөө камакта. Мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын жакындары жана ошол учурдагы айрым мамлекеттик кызматкерлер 2010-жыл 7-апрелдеги 80ден ашуун адамдын өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталып жатат. (AKu)

XS
SM
MD
LG