Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Германияда күрт фестивалында жаңжал чыкты


Германиянын Батыш тарабындагы Мангейм шаарында ишемби күнү кечинде өтүп жаткан күрт фестивалына 14 жаштагы өспүрүмгө тыюу салынган топтун желегин көтөрүп кирүүгө полиция уруксат бербегени үчүн жаңжал тутанып кеткен. Күрттөр полиция кызматкерлерин ташбараңга алып, бөтөлкөлөр менен ургулашкан. Полиция жаңжалды көздү ачыштырчу газ чыгарып басты. Натыйжада 80 полиция жарат алып, бирөөнүн абалы оор бойдон калууда. Полициянын 13 автоунаасы талкаланды. Чатакты уюштурган деп 31 адам кармалды. Мангейм шаарында өткөн фестивалга ар кайсы өлкөлөрдүн 40 миңдей күрт чогулган.

XS
SM
MD
LG