Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:40

Кыргызстанга Малайзиянын мурдагы премьер-министри келет


Малайзиянын мурдагы премьер-министри Махатхир Мохамад атайын иш сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев баштаган мамлекет жетекчилеринин кабыл алуусунда да болот. Ошондой эле “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштурган Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкка арналган талкууга катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди:

- Махатхир Мохамаддын сапары Кыргызстан үчүн абдан эле маанилүү. Ал өкмөт башчылык кызматтан кетсе да Малайзияны өнүккөн өлкөгө айландырган ишмер катары өз өлкөсүндөгү орду, таасири дагы деле күчтүү. Ошондуктан Кыргызстанга келип кайсы бир перспективаны, же бекем кызматташуунун көрөңгөсүн көрсө, Малайзия менен өлкөбүздүн байланышы мындан да чыңдалалат.

Махатхир Мохамад Малайзияны 1981-жылдан тарта 22 жыл башкарган. Бул убакта Малайзиянын экономикасы тездик менен көтөрүлүп, Азиядагы эң өнүккөн өлкөлөрдүн бирине айланган. Буга чейин ал Кыргызстанга эки ирет расмий сапар менен келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG