Бүгүн “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо» жана «Апрел байрагы» уюмдарынын мүчөлөрү Бишкектеги беларус элчилигинин имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Мекен шейиттери” бирикмесинин төрагасы Осунбек Жамансариев билдирди.
Акцияда Беларус бийлигине Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп берүү талабы коюлат.
Жамансариевдин айтымында, Беларус 1993-жылы кол коюлган Минск келишиминин негизинде Бакиевдерди өткөрүп бериши керек. Бирок ал келишимдерди аткарган жок. Ошондон улам акция өткөрүү менен ушул келишимге кол койгон башка өлкөлөрдүн назарын бурууну максат кылып жатышат. 28-августта жогоруда аталган уюмдар уюштурган нааразылык акцияга чогулгандар Беларус элчилигинин имаратына материалдык зыян келтирген.
5-сентябрда Беларустун Башкы прокуратурасы Жаныш Бакиев саясий мүнөздө куугунтукталып жатат деп, аны Кыргызстана өткөрүп бербей турганын расмий түрдө билдирди.(BkA)