Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашкандай, 12-сентябрда Ысык-Көлдө “Энергетика туруктуу өнүгүү үчүн” деген аталыштагы үчүнчү эл аралык форум өтөт. Ага КМШ жана Европанын айрым өлкөлөрүнүн энергетика министрлери катышат. Форумда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү энергетика тармагынын абалы, көйгөйлөр жана чечүүнүн жолдору талкууланат.
Соңунда форумга катышкан өлкөлөрдүн энергетика министрлери электр энергиясын эффективдүү пайдалануу үчүн кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшат. Форум БУУнун Европа экономикалык комиссиясы, Өнүктүрүү программаларынын көмөгү менен өтүп жатат. Буга чейин мындай форум Казакстанда жана Тажикстанда өткөн. (BkA)