Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Митингчилердин өкүлдөрүн Беларус элчиси кабыл алууда


Элчи менен жолугушууга бүгүнкү митингди уюштурган төрт кыймылдын өкүлдөрү киришти. Алар элчинин колуна Беларус президентине жазылган кайрылууну тапшырмакчы. Кайрылуу ээлери Лукашенкодон Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевди жана анын иниси Жаныш Бакиевди кайтарып берүүнү, андай болбосо Кыргызстан менен дипломаттык алаканы үзүүнү талап кылышкан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди Беларус бийлиги Кыргызстанга кайтарып берүүдөн баш тартып, ага жарандык бергени да айтылган. Ал эми анын иниси Жаныш Бакиевге кыргыз бийлиги тарабынан тагылган айыптар саясий мүнөздө деп эсептешээрин жана аны кайтарып берүүдөн баш тартыша тургандыгын Беларус прокуратурасы өткөн жумада расмий маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG