Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Чымкенттеги өрттөн жабыркагандар кысымга кабылганы айтылууда


Мындай маалыматты бүгүн Акыйкатчынын жарандар менен иштөө башкармалыгынын инспектору Айзада Өмүралиева маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, Чымкентте өрттөнгөн базарда соода кылган кыргыздарга базардын жетекчилиги тарабынан кысым жасалып жатканын айтып, Чымкентте иштеген кыргызстандык мигрант Дамирбек Жажиев кайрылган. Айзада Өмүралиева белгилегендей, кайрылууда кыргызстандык мигранттарды күйүп кеткен базарга кайтаруу үчүн базардын ээси ар кандай коркутууларга, кээде күч колдонууга чейин барып жатканы тууралуу айтылган. Акыйкатчы институту айтылган маалыматтар боюнча Чымкентке чейин барып, текшерүүчү комиссия түзөт деди аппарат кызматкери.

3-августта Казакстандын Чымкент облусундагы “Бекжан” базарында өрт чыгып, анда кыргызстандык бир жаран каза тапкан эле. Өрттөн жабыркаган соодагерлердин көпчүлүгү кыргызстандыктар экени айтылган.(AKu;ZKo)

XS
SM
MD
LG