Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:52

Хашеми Ирак сотунун өкүмүн “саясый оюн” деп атады


Ирактын качкын вице-президенти Тарык Хашеми аны сыртынан өлүм жазасына тартуу жөнүндөгү соттун өкүмүн саясый жүйөөдөн жасалган спектакль деп атады. Ал билдирүүнү дүйшөмбү күнү Анкарада жасады. 9-сентябрда Ирактын соту Хашемини өлүм эскадронун түзгөн деп даргага асууга өкүм кылган болчу.

“Өкүмгө кыпындай да макул эмесмин” деген сунни Хашеми ирактыктарды шиит премьер-министр Нури Маликинин элди диний жактан бөлүп-араздаштыруу аракетине каршы турганга үндөдү.

Ирак бийликтери жыл башында Тарык Хашемини камакка алышмак болгондо Түркияга качып кеткен.

XS
SM
MD
LG