Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери маңзатка байланыштуу 178 кылмыш катталды. Натыйжада 168 килограмм маңзат кармалды. Бул былтыр ушул убакка караганда саны жана салмагы жагынан көп. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Түлөбаев билдирди. Анын маалымдашынча, 3-6-сентябрь күндөрү “Транзит” деп аталган атайын операция уюшулду. Иш-чаранын маалында 12 кылмыш катталды. Учурда жергиликтүү милиция кара куурайга каршы иш-чараларды улантууда. Кыргызстанда Ысык-Көл жапайы кара куурай көп өскөн аймактардын бири. (EBM;ZKo)