Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Мамдума комиссиясы Гудковдун мандатын кайтарып алууну колдоду


Орусияда парламенттик комиссия белгилүү оппозиция өкүлү Геннадий Гудковдун мандатын кайтарып алуу тууралуу тергөөчүлөрдүн өтүнүчүнө колдоо билдирди. Комиссия Гудковду «депутаттук макамы менен шайкеш келбеген коммерциялык иштерге аралашкан» деп күнөөлөдү.

Солчул «Акыйкат Орусия» партиясына мүчө болгон Гудков бул кинени 15-сентябрга пландалган Маскөөдөгү оппозициячыл митингдин алдындагы сайсий кысым деп сынга алды:

- Комиссияга эч кандай фактылар, далилдер же мыйзамдык негиздөө керек болгон жок. Өзүн өзү сыйлаган депутат мындай аракет таптакыр мыйзамсыз жана карөзгөйлүк экенин түшүнөт.

Гудков ишембиге белгиленген уруксатсыз митингдин уюштуруучусу. Гудковдун мандатын кайтарып алуу сунушу парламентте 14-сентябрда колго салынышы күтүлөт. Бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» фракциясынын жетекчиси Андрей Воробьев анын фракциясы комиссиянын сунушун колдой тургандыгын бышыктады.

XS
SM
MD
LG