Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Түрк учактары Түндүк Иракта күрт таянычтарын бомбалады


Түркиянын куралдуу күчтөрү Түндүк Иракта күрт козголоңчулары жашынган жайларды түрк аскерлери бутага алган төрт күндүк операция жекшемби күнү аяктаганын билдирди. Армиянын маалыматына ылайык, операциянын мезгилинде Курдистандын Жумушчу партиясынын 25 согушкери жок кылынды.

Мындан тышкары түрк армиясы «үстүбүздөгү жылы Түркиянын күрттөр отурукташкан түштүк-чыгышындагы бир миңге чукул операцияларда күрт козголоңчулары 461 кишини, анын ичинде 88 аскерди өлтүрдү» деп ырастады.

Күрт сеператисттери менен 1984-жылдан берки согушта Түркияда 45 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG