Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Брахими Дамаскиге «оор милдет» менен келди


Бириккен Улуттар уюму менен Араб Лигасынын бирдиктүү арачысы Лакдар Брахими Дамаскиде жүрөт. Каирден жолго аттанаардын алдында Брахими «Сирияга тынчтык орнотуунун оор милдети мойнунда» экендигин билдирди:

- Бул согуш акыры бүтөөрүнө ишенем. Тараптар азыр согуш эрте токтосо, Сириянын элинин ажааты ачылаарын ойлошсо...

Каирде Брахими 22 мамлекет мүчө болгон Араб Лигасынын жыйынына катышып, Сириянын оппозициячыл өкүлдөрү жана жана Египеттин президенти Мухаммад Мурси менен жолуккан. Дамаскиде ал президент Башар ал-Асад менен жолугаары белгисиз. Брахимиден мурда Сирия боюнча Кофи Аннан элчи болуп туруп, БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги бүтпөс араздашуудан улам элчилик кызматын өткөрүп берген эле.

XS
SM
MD
LG