Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:17

АКШ Ирактагы саясий кырдаал курчушуна чочулоодо


Мындай чочулоо Иракта мурдагы вице-президент Тарик ал-Хашимини өлүм жазасына өкүм кылынган соңку кырдаалга байланыштуу айтылды. Мамдепартаментинин өкүлү Виктория Нуланд дүйшөмбүдө сүйлөгөн сөзүндө Ирак саясатчыларынын маселени мыйзам алкагында чечүүнүн ордуна, бири-биринин кемсинткен жана пайдасыз билдирүүлөрдү алмак-салмак жасап жатышат деп билдирди.

Жекшембиде Ирак соту Түркияда баш пааналап жүргөн суннит саясатчысы, мурдагы вице-президент Тарик-ал Хашимиге өлүм жазасын чегерген. Шейит мусулмандар башкарган азыркы өкмөт ал-Хашимини 2006-жылдан 2011-жылга чейин вице-президенттик кызматты ээлеп турганда терактарды уюштурган жана Багдад сотунун кызматкерлерин өлүмүнө катышы бар деп айыптап жатат.

Тарик Ал-Хашими өзүн өлүм жазасына тартуу жөнүндөгү соттун өкүмүн саясый жүйөөдөн жасалган спектакль деп атаган.

Соттун чечими чыккан күнү Ирактын 13 шаарында жардыруу болуп, жүзгө жакын адам мерт кетти. Алардын көпчүлүгү шийит мусулмандар.

XS
SM
MD
LG