Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитети Жогорку Соттун судьялыгына 25 талапкерди жактырды. Буга чейин 10-августта Сотторду тандоо кеңеши 66 талапкердин ичинен Жогорку Соттун судьялыгына 32 талапкерди иргеп, президенттин кароосуна сунуштаган. Президент сунушталган талапкерлер ичинен 25ти тандап, парламентке жөнөткөн.
Тиешелүү комитеттин чечиминен соң эми Жогорку Кеңеш эки жумалык мөөнөт ичинде Жогорку Сот судьяларын бекитиши керек. Жогорку Соттун курамы 35 судьядан турат. Эгер парламентке сунушталган 25 талапкердин баары бекисе, бош калган 10 орунга кайрадан сынак жарыяланат.
Ошол эле учурда Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатанын судьяларына жарыяланган конкурс уланууда. 3-сентябрдан бери конкурска катышууга 12 талапкер арыз берди.
12-сентябрга чейин талапкерлердин арыздары кабыл алынат, ал эми 20-сентябрдан тарта тандоо сынагы башталат.(BkA)